НОВОСТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнү менен куттуктайбыз! Кыргыз туусу - өлкөнүн гимни жана герби сыяктуу эле мамлекеттүүлүк менен биримдикти айгинелеген эң негизги белгилердин бири болуп саналат.

Туу – бул элибизди жаңы бийиктиктерди багындырууга, илимий ачылыштарды ачууга, спортто жеңиштерге жетүүгө жана кесипкөйлүккө байланышкан ийгиликтерге жетүүгө шыктандырган, дем берген мамлекеттик символ экени талашсыз. Бул майрамда ар бир кыргызстандыкка бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайбыз! Кыргызстаныбызда тынчтык, биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болсун! Көк асманда кызыл асабабыз желбиреп, ар дайым тынчтыктын өкүмү сүрүп турсун!