МЕДИА

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда кыргыз тилинин урматына карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Ресубликасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Р.Э.Конурбаева жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу Ким Ён Жон айым катышып, кыргыз тилин окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытууга чакырышты.

Ошону менен бирге, борбордун кызматкерлери тарабынан кыргыз тили жөнүндө баяндама даярдалып, эне тили тууралуу ыр саптары көркөм окулду.

Жыйынтыгында борбордун директору С.Б.Болотов келген конокторго ыраазычылык билдирип, бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалады.