НОВОСТИ

НАРЫН ОБЛУСУНДА 2023-ЖЫЛДГА 10 МЖӨ ДОЛБООР ПЛАНДАЛДЫ

Нарын областында МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) Борборунун эксперттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинарларды өткөрүштү.

27-28-октябрда Нарын жана Кочкордо өткөн МЖӨ Борборунун семинарларына бизнес-коомчулуктардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 100дөн ашуун адам катышты.

Иш-чараны Нарын областындагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын МЖӨ Борбору демилгелешти. Семинарлар бизнес жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан абдан кызыгууну туудурду. Катышуучуларды мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк механизмдеринин негиздери, МЖӨ тармагындагы долбоорлорду жана ченемдик-укуктук актыларды демилгелөө процедуралары менен тааныштырышты.

Семинардын жүрүшүндө Кочкор жана Жумгал райондорунан келген өкүлдөр айыл чарбасы, логистика жана туризм тармагындагы долбоорлорду сунуштап, аларды түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун ачылышына байланыштырышты. Өз кезегинде Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун өкүлдөрү текстиль өнөр жайы, жүн жана сүт продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду сунушташты. Семинардын жыйынтыгы боюнча МЖӨ Борборуна изилдеп жана карап чыгуу үчүн Нарын областынан 10 долбоор келип түштү, аларды 2023-жылы баштоо потенциалдуу пландалууда.

Президенттин ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлдөрү тарабынан “Теңир-Тоо” Өнүктүрүү фондунун жана райондук өнүктүрүү фонддорунун иштеши тууралуу белгиленди, алардын каражаттары экономикалык долбоорлорго, анын ичинде мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталмакчы.

________________________________________

В Нарынской области эксперты Центра ГЧП провели обучающие семинары для представителей органов местного самоуправления и бизнес-сообществ. Более 100 человек от бизнес-сообщества и местных органов самоуправления приняли участие в семинарах Центра ГЧП, которые состоялись 27 и 28 октября в Нарыне и Кочкорке.

Инициатором мероприятия выступил Полномочное представительство Президента в

Нарынской области и Центр ГЧП Кыргызской Республики. Семинары вызвали высокий

интерес со стороны бизнеса и местных органов власти. Участников ознакомили с

основами механизма ГЧП, процедурами

инициирования проектов и нормативно-правовыми актами в сфере ГЧП.

В ходе семинара представители из Кочкорского и Джумгальского районов предложили

проекты в сфере сельского хозяйства, логистики и туризма, связав их с открытием

альтернативной дороги север-юг. В свою очередь представители Нарынского,

Ат-Башинского и Ак-Талинского районов предложили проекты в сфере текстильной

промышленности, переработки шерсти и молочной продукции, а также развитии

туризма.

По итогам семинара на изучение и рассмотрение в Центр ГЧП поступило 10

проектов в Нарынской области, которые потенциально планируется начать в 2023 году.

Представителями Аппарата Полномочного представительства Президента было

отмечено о функционировании Фонда развития «Тенир-Тоо» и районных фондов

развития, средства которых будут направлены на экономические проекты, в том числе

на реализацию проектов в сфере ГЧП.