НОВОСТИ

КАНТ ШААРЫНДА ЖАҢЫ БАССЕЙН АЧЫЛАТ

2022-жылдын 17-октябрында Кант шаарында “Балдар-өспүрүмдөрдүн оюн жана кышкы спорт түрлөрү боюнча спорт мектебинин бассейнин реконструкциялоо” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун макулдашуусуна кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Темиралиев У.Т., Кант шаарынын мэри Майлибашев У.Б., Балдар-өспүрүмдөрдүн оюн жана кышкы спорт түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору Лебедев Г.Б., Чүй облусундагы Жаштар, дене тарбия маданияты жана спорт иштери боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Омуров Т.Б., жеке өнөктөш – жеке ишмер Евсеенко Р.А., жана ошондой эле Кант шаарынын тургундары катышты.

Ачык конкурстун негизинде аталган долбоорду ишке ашыруучу үчүн Евсеенко Р.А. жеке ишмер тандалып алынды. Инвестициянын жалпы суммасы 13 миллион сомдон ашык, ал эми макулдашуунун мөөнөтү 15 жыл түздү.

Долбоор Кант шаарынын жана анын айланасындагы айылдардын тургундары үчүн спорт иш-чараларын өткөрүүчү, үй-бүлөлүк эс алуучу, ден соолукту чыңдоо борбору боло турган бассейндин оңдоп-түзөө иштерине арналат.

Ошондой эле аталган долбоор Кант шаарынын муниципалдык жана коомдук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Бул МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш заманбап талаптарды эске алуу менен имаратты калыбына келтирүү жолу менен сууда сүзүүчү бөлүгүн реконструкциялоону пландаштырууда жана өзүнүн финансылык каражаттарынын эсебинен төмөнкү иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө милдеттенет:

• ички жана тышкы газ түтүктөрүн куруу;

• кичи жана чоң бассейнди оңдоо;

• имараттын бөлмөлөрүн оңдоо;

• вентиляция системасын орнотуу;

• жылуулук алмаштыргыч аппаратын орнотуу

• керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу

• жана башка тийиштүү иштерди.