НОВОСТИ

ПОДПИСАНО СОГЛАШЕНИЕ ПО ПРОЕКТУ ГЧП РЕКОНСТРУКЦИЯ «ТУРАТАЛИ БАЗАРЫ»

По итогам прямых переговоров по проекту ГЧП «Реконструкция Государственного предприятия «Туратали базары», подписано соглашение между ГП «Туратали базары» и ОсОО «Торговый рынок «Кара-Суу».

Проект ГЧП является долгосрочным и нацелен на модернизацию существующих торговых площадей и строительство нового объекта торгово-гостиничного назначения.
На сегодняшний день существующая инфраструктура ГП «Туратали базары» не соответствует современным требованиям пожарной безопасности, не соблюдаются санитарно-гигиенические нормы, плохое состояние подъездных дорог к рынку, перегруженность автотранспортом, недостаток необходимого количества парковочных мест и изношенное состояние существующих электросетей, водоснабжения и канализации.

Сумма предполагаемых инвестиций составила более 1,0 млрд. сомов, которая будет направлена в соответствии с Соглашением на следующие виды работ:
- создание благоприятных условий работы для продавцов и потребителей на территории рынка;
- наличие крытого торгового комплекса на территории ГП «Туратали базар»;
- создание современной инфраструктуры, с обеспечением водоснабжения и канализации, медицинскими и аптечными пунктами, предприятиями общественного питания, душевыми кабинами, туалетами;
- обеспечение торговли с соблюдением требований санитарных, экологических норм, правил торговли и общественного питания, правил и норм охраны труда, пожарной безопасности;
- обеспечение оптимального транспортного сообщения с городом, открытие маршрутов, соединяющих рынок со всеми районами области;
- построение транспортной развязки, обеспечивающей удобное примыкание въездов и выездов к территории комплекса с основными транспортными магистралями;
- наличие подземного паркинга, обеспечивающего удобную парковку автомобилей для всех посетителей комплекса;
- осуществление ремонта и реконструкция подъездных дорог к торговому комплексу;

Кроме того, Частным партнером предусматривается ежегодная плата ГЧП Государственному партнеру по согласованному сторонами графику.

По завершении проекта Частный партнер возвращает Государственному партнеру земельный участок с сохранением имущественного комплекса.

           Центром ГЧП будет продолжена работа по улучшению экономической и социальной инфраструктуры и созданию рабочих мест.
________________________________________________________________

«Туратали базарын» реконструкциялоо» МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Туратали Базары" мамлекеттик ишканасы менен "Кара-Суу соода базары" ЖЧКсынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

МЖӨ долбоору узак мөөнөттүү болуп саналат жана учурдагы соода жайларын модернизациялоого жана соода-мейманкана инфраструктурасынын жаңы объектин курууга багытталган.

Бүгүнкү күндө "Туратали базарынын" учурдагы инфраструктурасы өрт коопсуздугунун заманбап талаптарына жооп бербейт, санитардык-гигиеналык нормалар сакталбайт, базарга кирүүчү жолдор начар абалда, унаалардын тыгыны, унаа токтоочу жайлардын талап кылынган сандын жоктугу жана учурдагы электр, суу жана канализация тармактарынын абалы эскирген.

Болжолдуу инвестициялардын көлөмү 1,0 млрд сомдон ашык сумманы түздү, алар Макулдашууга ылайык төмөнкү иштердин түрлөрүнө багытталат:
- базарда сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү;
- "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын аймагында жабык соода комплексинин куруу;
- медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу ишканалары, душ, дааратканалар, суу жана канализация менен камсыз кылуу менен заманбап инфраструктураны түзүү;
- санитардык, экологиялык нормалардын, сооданын жана коомдук тамактануунун эрежелеринин, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен сооданы камсыздоо;
- шаар менен оптималдуу транспорттук байланышты камсыз кылуу, базарды облустун бардык райондору менен байланыштырган каттамдарды ачуу;
- комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жолдорду негизги транспорттук каттамдар менен ыңгайлуу байланыштыруучу транспорттук түйүн куруу;
- комплекстин бардык кардарлары үчүн ыңгайлуу паркингди камсыз кылуучу жер астындагы унаа токтотуучу жайларды түзүү;
- соода комплексине кирүүчү жолдорду оңдоону жана реконструкциялоону ишке ашыруу;

Мындан тышкары, Жеке өнөктөш тараптар макулдашкан график боюнча Мамлекеттик өнөктөшкө жыл сайын МЖӨ төлөмүн камсыздайт.

Долбоор аяктагандан кийин Жеке өнөктөш жер участогун мүлктүк комплексти сактоо менен Мамлекеттик өнөккө кайтарып берет.

МЖӨ борбору экономикалык жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча ишин улантат.