Көп берилүүчү суроолор

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК (МЖӨ) ДЕГЕН ЭМНЕ?

2012-жылдын  24-фералында   Парламенттин  №7- токтому менен «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» бекитилген   мыйзам мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ)    «долбоорлоо, каржылоо, куруу, калыбына келтирүү, активдерди  реконструкциялоо, ошондой эле бар жана кайра түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк активдерди башкаруу тармагында  мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү» катары аныктайт. Башкача айтканда, МЖӨ – бул:

Мамлекеттик өнөк (Заказ кылуучу)  жана жеке уюмдун (адатта, узактыгы  орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү болгон) ортосундагы атаандаш сынактын негизинде түзүлгөн келишим, мында  жеке өнөк мамлекеттик функцияларды аткарат (мисалы, коомчулук үчүн инфратүзүмдү жана/же кызмат көрсөтүүнү сунуштайт)  жана инфратүзүмдү  же кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуунун эң мыкты ыкмасын  иштеп чыгат («акыркы натыйжаны өзгөчөлөө» дегенге байланыштуу).  Бирок мында  жеке өнөк дагы тобокелдикке барат, эгерде  долбоор сапатсыз ишке ашырылса, бул анын түздөн-түз кирешесине («тобокелдиктерди бөлүштүрүү» деп аталуучу) таасир этет. 

МЖӨ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН  ЖЕ МАМЛЕКЕТТЕН АЖЫРАТУУНУН БИР ТҮРҮ БОЛУП САНАЛАБЫ?

Жок. МЖӨ тууралуу мыйзамда  МЖӨтүн мамлекеттик менчикти жана мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө  тиешеси жок деп  так айтылган. Менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу  - бул (кадимки түздөн-түз сатуу)  өкмөткө тиешелүү болгон   мүлктөрдү  же функцияларды өткөрүп берүү, алар өкмөттүн негизги коомдук функциясы болуп эсептелбейт. Качан гана актив же функция менчиктештирилгенден кийин  (же сатылгандан кийин), өкмөт активдерди сатып алган тарап менен  өтө чектелген мамиледе болот,  же такыр эле эч кандай расмий түрдөгү өз ара мамилеге ээ болбойт.

Кыргызстандын Өкмөтү  курулуш долбоорлору үчүн жана  өкмөткө керектүү жабдууларды жана чыгымдалуучу  материалдарды  ташып жеткирүү үчүн дайыма менчик компанияларды жалдап келген. Бул МЖӨ болуп  эсептелбейби?

Жок.Бул негизинен кыска мөөнөттүү  келишимдер, мында тобокелдиктин басымдуу бөлүгү  мамлекеттик өнөктө калат.  Алар Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик  товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө» Мыйзамына туура келет.

Тактык үчүн, төмөндөгүлөр  МЖӨ болуп эсептелбейт:  

  • Курулуш аяктагандан  үч жылдан кийин  башкаруу же операциялык ишмердик жана активдерди тейлөө жеке сектордун колунда калбай турган көтөрмө (подряд)  жана  жеткирүү келишимдери; 
  • Товарларды жеткирүү же кызмат көрсөтүү боюнча узактыгы үч жылдан кем болгон  келишимдер;
  • Аткарууга кандайдыр бир милдеттемеси жок жана МЖӨтүн  башка маанилүү белгилери болбогон ижара келишимдери  

Ал эми  сапаттуу көрсөткүчтөрдүн негизиндеги  жолдорду тейлөө боюнча долбоорлор жана алар  боюнча  жеке сектор үчүн сынактык тоорук жарыялангандыгы  жөнүндө эмне дейсиз? Алар МЖӨтүн долбоорлору болуп эсептелеби?

           Ооба. Бул АӨБ (АБР) тарабынан колдоого  алынган  жолдорду тейлөө боюнча келишимдери -«эксплуатациялык даярдыктын негизинде төлөмдөрдүн түзүмү»   катары белгилүү болгон МЖӨтүн дагы бир   жакшы  мисалы боло алат.  Инфратүзүмдүк объекттилердин жана  кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрү үчүн пайдалануучулардан төлөмдөрдү алуу мүмкүн эмес  же ылайыксыз болсо, өкмөт  өз алдынча  кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алып коюушу мүмкүн (бул учурда тейленүүчүгө  тиешелүү   жолдун  бар болгондугу); Ошентип, келишимдик конструкциянын бул түрү социалдык тейлөөлөр, өкмөттүк имараттар ж.б. сыяктуу башка секторлорго жайылтуу  максатында МЖӨтүн камтуу чөйрөсүн кеңейтет.

МЖӨтүн долбоорлору кандайча каржыланат?  Каражаттар  кайдан келет?

Бул маанилүү суроо, анткени кээде адамдар МЖӨ -  бул  «бекер» же «оңой акча»,  б.а. ал тейлөө кызматтары үчүн инвестиция кыла турган  өкмөттүн, салык төлөөчүлөрдүн же пайдалануучулардын зарылдыгы жок эле,  алар үчүн төлөп коё турган кайсы бир жеке фирма бар деп ойлошот.  Муну андай деп айтууга болбойт.  МЖӨтө  жеке сектордун өнөгү  каржылоону толугу менен же жарым-жартылай камсыз кылышы  мүмкүн (курулуш,  эксплуатациялоо   жана техникалык тейлөө үчүн), бирок өнөк  өзүнүн инвестициясын  тиешелүү кирешеси менен кошо кайтарып берилишин күтөт. Ошондуктан долбоор бардык чыгымдарды жабуу үчүн жана жеке инвестордун каражатын кайтарып берүү үчүн  жетиштүү кирешени түзүшү керек. Киреше төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) пайдалануучулардан төлөмдөрдү алуу (жана өкмөт бул кирешелерден баш тартат), 2) пайдалануучулардын атынан өкмөттүн тейлөө кызматтарына төлөөсү, 3) активдерге байланыштуу коммерциялык эксплуатациядан (андай болбосо пайдаланылып кетиши мүмкүн болгондор)  же бул варианттардын  айкалышуусунан. Долбоор  коммерциялык жактан иштеп кетиши үчүн, бардык учурларда кимдир бирөө  төлөмдөрдү жүргүзүп турушу керек. Ошентсе да, мыкты түзүлгөн МЖӨ,  адатта,  пайдалануучулар же мамлекеттик  төлөмдөр үчүн «баа-сапат» деген эң мыкты катышка жетишет, ал эми коммерциялык эксплуатация акылга салып  түзүлсө,  акчалай карыз берүүнүн (субсидия) мыкты натыйжасын бере алат.

МЖӨтө өнөктөр ким болуп саналат?

МЖӨтүн негизинде  мамлекеттик заказ берүүчүнүн жана жеке сектордун атынан өнөктүн ортосундагы кол коюлган  келишим болуп саналат. Адатта,  инфратүзүмгө же кызмат көрсөтүүгө жоопкерчиликтүү жана мындай келишимге кол коюуга ыйгарым укугу бар мамлекеттик заказ берүүчү катары мамлекеттик уюм  (бийликтин борбордук органы же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы) турат. МЖӨ жөнүндөгү мыйзамда  жеке өнөк  «мамлекеттик-жеке өнөктөштүк  жөнүндөгү макулдашууга ылайык  инфратүзүмдүк долбоорду же социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча долбоорду ишке ашыруучу  жеке ишкер же жеке юридикалык жак» катары аныкталат.Долбоордун өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жеке өнөк ошондой эле  курулуш иштери үчүн,   эксплуатациялоо  жана техникалык тейлөө, айрым учурларда  ресурстарды бөлүү үчүн (мисалы, суу тазалагыч курулмалар үчүн сууну же ЖЭБ (ТЭЦ) үчүн көмүрдү) өзүнчө компанияларды тарта алат.  Долбоордун түрүнө байланыштуу ошондой эле   тейлөө кызматтарын пайдалануучулар менен (мисалы, электростанциядан  аталган электроэнергияны сатып алган ведомстволор арасында электроэнергияны жеткирүү жөнүндөгү макулдашуу) расмий макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн. Адаттагыдай эле, бул аталган ишмердүүлүккө  камсыздандыруу менен алектенген камсыздандыруу компаниялары, ошондой эле финансы институттары  (мисалы, банктар) катышат. Муну уюштуруу үчүн  жетектөөчү компания,  бир гана максаты МЖӨтүн долбоорун ишке ашыруу болгон көбүнчө максаттуу компанияны (концессионер) түзөт.  Андан ары, максаттуу компания  ишке тартылган башка жеке өнөктөрдүн бардыгы  менен макулдашуу түзөт. Айрым учурда  жөнгө салуучу орган да тартылышы мүмкүн. Бул аталган топтон башка,  «өнөк» катары  керектөөчүлөрдүн уюмдары, көзөмөлдөөчү органдар,  өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук топтор жана башка ушул сыяктуу органдар киришет, бирок бул өнөктөр  адатта,  МЖӨтүн  негизги келишимдеринин жана механизмдеринин бөлүгү болуп эсептелбейт.

 МЖӨтүн долбоорлоруна компаниянын кайсы түрлөрү кызыкдар?

Адаттагыдай эле,  курулуш компаниялары өкмөт тарабынан жарыяланган МЖӨкө көңүл бургандардын алгачкылары болуп саналат,  анткени алар  өткөндө салттуу мамлекеттик курулуш долбоорлорун ишке ашырышкан.  Бирок  кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган компаниялар  (мисалы, суу менен камсыздоо компаниялары, электрэнергиясын өндүрүүчүлөр, коомдук транспорттун операторлору ж.б.) дагы  бул сыяктуу жарыяларга  көңүл бурууга умтулушат.  Өлкөдө МЖӨ рыногунун өнүгүшүнө жараша,  бул адатта кайра уюштурууну жүргүзүү жана ага карата өз мамилесин билдирүү улуттук өнөр жайдын кызыкчылыгында. МЖӨ долбоорлору жөнүндөгү жарыяларга көңүл бурдуруу үчүн,  рынокто долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча  тиешелүү өнөктөрдү тартууга   көндүмдөрү жана тажыйбалары бар  адистешкен  фирмалар келип чыгышы мүмкүн.  Көбүнчө курулуш компаниялар  долбоорлорду башкаруу боюнча  МЖӨтүн интеграцияланган (комплекстүү) долбоорлоруна  өтүнмө (заявка) берүү максатында майда фирмаларды сатып алышат.  МЖӨтүн долбоорлору менен иштөө боюнча чоң тажрыйбасы бар чет элдик фирмалар, көбүнчө  жергиликтүү рынокко  көндүмдөрдү, тажрыйбаларды жана технологияны киргизүүдө эң маанилүү  катышуучулар болуп эсептелишет. 

Чет элдик фирмалар МЖӨкө жеке өнөк  боло алабы, же ал сөзсүз Кыргызстандын өкүлү болушу керекпи?

Чет элдик фирмалар МЖӨтүн долбоорлоруна өздөрүнүн сунуштарын бере алышат жана  МЖӨкө өнөк боло алышат. Бирок  Кыргызстандагы болгон чет элдик инвестицияларга карата тиешелүү талаптарды аткаруусу зарыл.

Финансы институттардын жана инвесторлордун  кайсы түрү, адатта,  МЖӨтүн долбоорлоруна  кызыкдар  болушат?

Адатта,  МЖӨтүн долбоорлору   өздүк капиталдын комбинациясынын  (инвестордун жеке каражаты) жана  зайым капиталынын   эсебинен каржыланат (адатта, банктан карызга алынган каражаттар). Көбүнчө менчик капитал МЖӨтүн жетектөөчү катышуучусу болгон компания тарабынан берилет, бирок ал  бардар жеке инвесторлорду же институционалдык инвесторлорду (мисалы, пенсиялык фонддор)  өзүнө кошуп алышы мүмкүн.   Институционалдык инвесторлор көбүнчө МЖӨтүн долбоолорун жактырышат, анткени аларга  узак убакыт бою   кайтарымы менен инвестициялоо үчүн  чоң каражаттар талап кылынат. Мындай долбоорлор институционалдык инвесторлордун маалыматтарынын инвестициялык талаптарына дал келет. Өз алдынча  же биргелешип  иштеген  банктар, адатта, качан долбоорлорго зайымдык каржылоо керек болгондо кредиттерди беришет. МЖӨтү каржылоо үчүн  банк кредиттери  көбүнчө чоң болуш керек жана анын жабуу мөөнөтү да узак болушу керек. Бул өлкөнүн МЖӨ рыногунун алгачкы өнүгүү баскычында  проблемаларды пайда кылышы мүмкүн.  Ири инвестициялык долбоорлор көбүнчө чет элдик капиталга жана насыя берүүчүлөргө муктаж, анткени  жергиликтүү инвесторлор  жана банктар талап кылынган шарттарды жеткиликтүү каржылай алышпайт. АӨБ жана Бүткүл дүйнөлүк банк сыяктуу өнүгүүнүн көп тараптуу банктары МЖӨтүн долбоорлорун түздөн-түз же кепилдик аркылуу каржылоого өзгөчө кызыкдар.

МЖӨтүн долбоорлорун пайдалануудан кандай майнап болот?

МЖӨтүн мыкты түзүлгөн долбоорлору  жеке сектордон чыккан өнөк  кызмат көрсөтүү кандайча эң мыкты жол менен сунушталышы мүмкүн экендигин   аныктай алат, анда тобокелдиктер жакшы бөлүштүрүлөт жана  долбоорлор сынактык сатып алуулардын негизинде ыйгарылат,  өкмөт тарабынан  жумушту  ишке ашыруунун салттуу ыкмасына  салыштырмалуу баа менен сапаттын эң мыкты катышын  сунуш кыла алышат. Жеке сектордон чыккан өнөктөр алып келиши мүмкүн болгон  негизги пайдалардын айрымдары төмөндөгүлөр болуп саналат:

  • Долбоорлордун өз мөөнөтүндө  жана алдын ала каралган бюджеттин алкагында курулушу,
  • Негизинен, бардык долбоорлорду кыйла натыйжалуу жана иштиктүү башкаруу,
  • Кызмат көрсөтүүнүн кыйла инновациялык ыкмаларын иштеп чыгуу,
  • Тиешелүү технологияларды   кыйла  натыйжалуу пайдалануу,
  • Жашоо  циклин ылайыкташташыруу  (узак убакыттар бою долбоорлоонун, куруунун жана эсплуатациялоонун жана техникалык тейлөөнүн ортосундагы өз ара мыкты катышы),
  • Долбоордун түздөн-түз жана туунду активдерин  кыйла сапаттуу эксплуатациялоо,
  • Жеке каржылоо
  • Долбоорду ишке ашыруунун мыкты  жөндөмдүүлүгү.

МЖӨтүн долбоорлору  бир топ татаал  көрүнөт. Эмне үчүн Кыргызстан аны ишке ашырууну  карашы керек?

 Көп өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен,  Кыргызстан эмне үчүн  МЖӨтүн долбоорлорун карап чыгуусу керектигинин  негизги үч себеби бар:

  • МЖӨтүн жакшы структураланган долбоорлору  Кыргызстанда  кызматтарды  көрсөтүүдө  (арзаныраак баа менен сапаттуураак кызмат көрсөтүү)  баа менен сапаттын мыкты катышын камсыз кыла алышы мүмкүн.
  • Азыркы учурда  долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын  бюджеттик каражаты жетишсиз болуп турганда,  МЖӨтүн долбоорлору  көп жылдарга карата  долбоор боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү үчүн жеке каржылоону пайдаланышы мүмкүн.
  • Кыргызстан  өтө тездик менен өнүгүүдө жана  анын экономикасын жана элин колдоо үчүн ага инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөр керек. Кыргызстандын өкмөтүнүн  зарыл болгон  бардык инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүнү  камсыздоо жана башкаруу  үчүн  жетиштүү түрдө адамдык жана каржылык  мүмкүнчүлүгү жок.

Эгерде долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болсо,  анда эмне үчүн өкмөтко же мамлекеттик ишканага аны ишке ашырууга мүмкүндүк берүүгө болбосун?

Жеке компанияны тартуу менен  көбүнчө  өкмөт же мамлекеттик ишканага салыштырмалуу  долбоор кыйла натыйжалуу жана рентабелдүү  ишке ашырылуусу мүмкүн. Бул  МЖӨтүн долбоорунун жакшы  структураланышынын   натыйжасында  жетиши мүмкүн, мында  жеке компания  аны ишке ашыруунун жаңычыл  ыкмаларын табат жана адатта мыкты жана натыйжалуу техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо  менен камсыз кылат.  Жеке сектордон өнөктү тартуунун себеби, мамлекеттик каржы ресурстарынын жок болгондугунан ал каржылоону камсыз кылышы мүмкүн. 

 Эмне үчүн өкмөт жөн эле «арзан» мамлекеттик зайымды алып,  долбоорду ишке ашыруу менен алектене берсе болбойт?  

Өкмөт жеке компанияларга караганда дайыма эле кыйла пайдалуу чен (арзаныраак) менен  карызга акча алса болот,  өкмөткө караганда  жеке компаниялар  көбүнчө долбоорду иштеп чыгышат,  эксплуатациялашат жана инфратүзүмдүк объекттерди  тейлешет жана  кызматтарды алда канча жакшы көрсөтүшөт.  МЖӨтүн  жакшы  структураланган долбоорлорунда  жеке компаниялар алып келген кошумча пайдалар,  адатта,  мамлекеттик каржылоонун кыйла арзан чыгымдарын  басып кетет.

МЖӨтүн алкагында жана мамлекеттик органдар тарабынан сунуш кылынган инфратүзүмдүк объекттилер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ортосунда атаандаштык болобу?

Болушу мүмкүн. Айрым учурларда башка тараптардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн болгон мындай атаандаштык, МЖӨтө баалуулуктарды жаратуу үчүн  абдан маанилүү. Мисалы, атаандаш жолдордун  болгондугу, жол акы алган компанияларга өтө эле жогорку төлөмдөрдү коюуга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондой болсо да,  МЖӨтүн долбоорлорунун басымдуу бөлүгү  жеке компаниялардан  көп жылдардан кийин өзүн актай турган  чоң инвестицияларды салуусун  талап кылышат. Эгерде өкмөт атаандашса,  же бул фирмаларга караганда кыйла арзан бааны сунуш кылса, анда бул  алардын инвестицияларын жана бизнес ишмердүүлүгүн  өтө начарлатып коюшу мүмкүн.   

Кыргызстандагы  бюджеттик каражаттарынын жетишсиздик маселелеринин бардыгын МЖӨтүн долбоорлору чечиши мүмкүнбү?

МЖӨтүн долбоорлору Кыргызстандын Өкмөтүнө өзүнүн бюджетинин эсебинен көбүрөөк кызмат көрсөтүүлөрдү алуусуна бир нече ыкмалар менен жардам бере алат. МЖӨтүн  жакшы  структураланган долбоорлору  кыйла рентабелдүү кызмат көрсөтүүлөрдү бере алышат, алар активдерди мыкты эксплуатациялоонун эсебинен чоң баалуулуктарды жарата алышат жана  жеке сектордон алып  каржылоону камсыздоо жолу менен  өкмөттүн бюджеттик керектөөлөрүн бөлүштүрө алышат. Мисалы, эгерде мамлекеттик өнөк үстүбүздөгү жылы жаңы долбоорду ивестициялоо үчүн өзүнүн бюджетинде инвестициянын зарыл болгон суммасына ээ болбосо,  ал компания менен  аны  каржылоо жана камсыздоо максатында15 жылдык келишим түзө алат,  долбоор жана андан кийин ивестициянын суммасы да 15 жылга бөлүштүрүлөт.  Бирок  өкмөт муну кайсы бир белгиленген  чекке чейин гана ишке ашыра алат.

МЖӨтүн долбоорлору кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалангандардан же өкмөттүк төлөмдөрдөн рентабелдүү болуш үчүн дайыма тиешелүү кирешелерди талап кылат. Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалангандар канча төлөй алышарынын жана Тажикстандын Өкмөтү  салыктардын эсебинен канча ала тургандыгынын чеги бар.  МЖӨтүн долбоорлору  жардам кыла алат, бирок  алар бардык проблемаларды чече алышпайт.