Сектордук мүнѳздѳмѳ

Билим берүү

Кыргыз Республикасында билим берүү системасына төмөндөгүлөр кирет: мектепке чейинки билим ; 11 жылдык жалпы билим , анын ичинде башалгыч билим  (1-4-класстар), толук эмес орто билим (5-9-класстар), толук орто билим (10-11-класстар); башталгыч кесиптик-техникалык билим (БКТБ);  орто кесиптик-техникалык билим (ОКТБ); жана жогорку билим.

1993-жылдагы Конституцияга ылайык, бардык балдар үчүн  негизги орто билим милдеттүү жана акысыз болуп саналат. Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү Агенттигинин карамагындагы БКТБдөн (НПТО) башка, бардык    билим берүү системасынын ар кандай деңгээлине жооптуу. Кээ бир  орто кесиптик окуу жайлар ББИМнин карамагында турат, ошол эле учурда башкалары - ар кандай министрликтин же ведомстволордун карамагында.  Мамлекттик билим берүү системасынын күндөлүк чыгымдары республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ошондой эле жеке булактардан каржыланат.

 

ЭНЕРГЕТИКА

Кыргыз Республикасы эбегейсиз зор  гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүккө  ээ, бирок  болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдүн 10% азыраагы гана пайдаланылат. Өлкөдө мунайдын жана жаратылыш газынын жупуну запасы бар, дүйнө жүзү боюнча алардын запасына карата 81 жана 90 -  орунду ээлейт. 2008-жылы алгачкы энергияны жалпы ташып жеткирүү  (АЭЖТЖ) 2,86 млн. тонна мунай эквивалентин түзгөн, анын ичинен 70% импорттолгон түрдө мунай, көмүр жана газ түрдө жеткирилген, ал эми 30% гидроэнергетиканын ички булактарына берилген.

Кыргыз Республикасы  энергиянын нукура импорттоочусу болуп саналат, мурда электрдин нукура импорттоочусу болгон. Сектор төмөнкү деңгээлдеги  индустриалдуу экономиканы чагылдырган жана гидроэлектроэнергияга негизделген энергетика сектору  ортодеңгээлге  караганда энерго сыйымдуулугу төмөн жана көмүртек диоксидинин агындысынын мааниси  катары мүнөздөлөт.

Гидроэнергетикадан башка, Кыргыз Республикасында энергиянын негизги булагы көмүр болуп саналат. Анын запасы  27 млрд. тонна катары бааланат, анын ичинен 1,3 млрд. тоннасы анык запас катары эсептелет.

  

суу менен камсыздоо

Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоо жана санитария (СКС)  инфратүзүмүнүн басымдуу бөлүгү 40-50 жыл мурун курулган. Кыргыз Республикасынын СКС секторунун азыркы абалын түшүнүү үчүн, советтик система жөнүндө жалпы түшүнүк талап кылынат.  СКС кызмат көрсөтүүсү  бардык эле башка советтик пландоо экономикасынын кызмат көрсөтүүсү сыяктуу эле экономикалык өнүгүүнүн 5 жылдык  («бешжылдык») планына ылайык берилген. Системанын алкагында күнү-түнү суу менен камсыздалган жана канализация тармактары талаптагыдай иштеген, бирок система натыйжалуулукту, туруктуулукту жана чыгымдардын акталышын камсыздоону эске алган эмес. Баасы төмөн болгон.  1970-жылдары  бүткүл советтик экономиканын өсүшүнүн токтошу менен  СКС системасы начарлады.

 

ТРАНСПОРТ

Кыргыз Республикасы –  деңизге ачык чыкпаган, тоолуу өлкө: чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен   (КЭР),   түндүк жагынан Казакстан менен,  чыгыш тарабынан Тажикстан жана батыш тарабынан  Өзбекстан менен чектеш.  Аймактык соода  Кыргыз Республикасынын транспорт системасында  басымдуулук кылган автомобиль унаасына өтө көз каранды. Болжолдуу жүргүнчүлөрдүн 95% жана жүк ташуунун жарымынан көбү  автомобиль транспорту аркылуу жүргүзүлөт. Өлкөдө автомобиль жолдорунун жалпы узундугу  35000 километрге жакын, мындан тышкары өлкөдө 420 км темир жолу, 4 эл аралык аэропорт жана 7 ички аэропорт бар. 2002-жылдан 2010-жылга чейин каттоодон өткөн  транспорт каражаттарынын саны 60% көбөйсө,   285084төн   459747ге чейин өскөн.   2002-жылдан  2008-жылга чейин жүк ташуунун көлөмү  58% өстү, 1270 млн. тонно-километрден (т.км)  2002 млн. т.км.ге чейин, ал эми жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 35% көбөйдү, 4900 млн. жүргүнчү-км.ден  6599 млн.  жүргүнчү-км.ге чейин.