Кыргызстан жөнүндө

 

 

 

Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда жайгашкан. Анын ээлеген аянты 199миң  чарчы км. (же 77,540 чарчы миль (дүйнөдө 85-орунда турат). Республиканын аймагы батыштан чыгышка карай 900 км ге, түндүктөн түштүккө карай 410 км ге созулуп жатат. 

Кыргыз Республикасы - тоолуу өлкө, анын аймагынын 94,2%,  деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте турат, ал эми 40,8% - 3000м ден жогору. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги – 2750 м., эң жогорку бийиктиги -  7439 м., эң төмөнкү бийиктиги -  401  м. 2

 Кыргыз Республикасы  түндүк тарабынан - Казакстан менен, түштүк-батыш тарабынан -Өзбекстан менен,  түштүк тарабынан – Тажикстан менен, ал эми  чыгыш жана түштүк-чыгыш тарабынан – Кытай менен чектешип турат.

Климаты континенталдуу, абанын температурасы  кышында -40°С, жайында  +40°С  чейин өзгөрөт.  Республиканын аймагында түндүк жарым шарына мүнөздүү, тропикалыктан башка,  бардык табигый чөлкөмдөр бар. Республика дүйнө жүзүндөгү тузсуз  ичүүчү суу менен эң жакшы камсыз болгон 20 өлкөнүн тизмесине  кирет.

 Кыргыз  Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү – 7 (Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен областтары) областтан жана республикалык маанидеги 2 шаардан (Бишкек жана Ош шаарлары) турган  биримдиктүү республика. Республиканын борбору – Бишкек шаары болуп саналат.

Калкы

Кыргыз  Республикасынын туруктуу калкынын саны  5,309 млн. дон бир аз көбүрөөк адам. Калктын жыштыгы -  1 чарчы. км  26 адам. Кыргыз  Республикасында 90го жакын улуттар жашайт. Түпкүлүктүү жашоочулары – кыргыздар 72%, өзбектер  - 15%, орустар  - 9%.

Калктын басымдуу көпчүлүгү тоо этегиндеги өрөөндөргө топтолгон  - Казакстан менен чектешкен Чүй өрөөнүндө жана Өзбекстан менен чектешкен Ферганада, Нарын жана Талас өрөөндөрүндө, ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунда.

Кыргыз тили — Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдерине (тилдердин кыпчак тобу) кирет

Жазуу СССР мезгилинде 1928-жылга чейин жана азыркы убакка чейин Кытайда – араб алфавити.  1928-жылдан 1940-жылга чейин латын алфавити колдонулган. Азыркы жазуу – кириллицанын негизинде.   Орус тили - өлкөнүн түндүгүндө салттуу түрдө жашап жаткан, ошондой эле чоң шаарларда, биринчи кезекте Бишкекте жашаган Кыргызстандын орус калкы үчүн эне тил болуп саналат. Республиканын орус эмес бардык калктары үчүн да баарлашуунун негизги  тили катары каралат. XIX кылымдын ортосунан баштап азыркы Кыргызстандын аймагында кеңири тараган. Кыргыз жерлери Россия империясынын курамына киргенден баштап, орус тили чынында  улут аралык баарлашуунун тили болуп калган. 1989-жылдан кийин улут аралык баарлашуунун тили статусун сактап калды.   Өлкөдө ошондой эле орус тилинде билим берүүнүн вертикалы сакталып калды.