Өлкөнүн ИДП акыркы 10 жылдын ичинде 3,5 эсе өстү. 2009-жылдын ИДПна каржы каатчылыгынын терс таасир тийгизгендигине карабастан, өлкөнүн экономикасы өзүн тез реабилитациялады жана өнүгүүсүн уланта берди. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын ИДП 2016-жылы 10,9 млрд. АКШ долларына жетет.
Калктын жашоо-турмуш деңгээлинин туруктуу өсүшү, экономиканын динамикалуу өсүшүнүн көрсөткүчү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ИДП түзүмүндөгү эң чоң бөлүгүн – 47% - кызмат көрсөтүү сектору түзөт. Өнөр жай жана айыл чарба секторлору бирдей (17%) бөлүгүн ээлешет. Калган секторлор ИДП түзүмүнүн азыраак бөлүгүн ээлешет.
Кыргыз Республикасы ылайыктуу бизнес-климат түзүүгө аракет кылат. Бул аракеттин натыйжасында акыркы 10 жылдын ичинде чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 3,5 эседен көбүрөөк болду.
Расмий статистика боюнча, жумушсуздуктун орточо деңгээли акыркы 4 жылда 8,5% деңгээлинде калган. Өкмөт жумушсуздардын санын кыскартууга өтө кызыкдар. Кийин жумушсуздардын жалпы деңгээли төмөндөйт жана 2016-жылы 7,1 пайызды түзөт деген божолмол айтылат.