+996 (312) 62 05 35
+996 (555) 62 50 39
info@invest.gov.kg

Долбоорлор

БИШКЕКТЕ КӨЧӨ ЖАРЫКТАНДЫРУУСУН ЖАҢЫРТУУ

Демилгечи:  Бишкек Мэриясынын алдындагы  шаарды өнүктүрүү Агенттиги 
Долбоордун максаты: Бишкекте көчө жарыктандыруу системасын калыбына келтирүү жана жаңыртуу:
- болгон лампаларды энергияүнөмдөөчү светодиоддук лампаларга алмаштыруу, анын ичинде иштебей калган көчө фонарларын оңдоп-түзөө;
- көчөнү жарыктандыруу үчүн техникалык инфратүзүмдү оңдоп-түзөө жана  жаңыртуу; 
- көчө жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган  системасын киргизүү.

КӨП ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ПАРКИНГ

Демилгечи:  Бишкек Мэриясынын алдындагы  шаарды өнүктүрүү Агенттиги.
Долбоордун максаты: Ош базарынын жанында долбоордук кубаттуулугу   500 транспорт каражатына ылайык көп деңгээлдүү (5 кабаттуу)  автотоктотмо куруу.
Дареги:   Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

КООМДУК ТРАНСПОРТ ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК БИЛЕТ КИРГИЗҮҮ

Демилгечи:  Бишкек Мэриясынын алдындагы  шаарды өнүктүрүү Агенттиги 

Долбоордун максаты:  Бишкек шаарында коомдук транспортто бирдиктүү электрондук системасын киргизүү, анын ичинде келечекте бирдиктүү төлөм картасын түзүү 

"БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГО" КАЗАНДАР ТУРГАН ЖАЙДЫ РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО

Демилгечи:  Бишкек Мэриясынын алдындагы  шаарды өнүктүрүү Агенттиги 

Долбоордун максаты: импорттук жаратылыш газына болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн катуу отунду иштетүү мүмкүнчүлүгү менен  казандар турган жайды  жаңыртуу

БИШКЕКТЕ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕР ҮЧҮН БОРБОРДОШТУРУЛГАН ЛАБОРАТОРИЯЛАРДЫ АЧУУ

Демилгечи: Саламаттык сактоо министрлиги
Долбоордун максаты: Долбоор Бишкек шаарында жайгашкан бир нече медициналык мекемелер үчүн  борбордоштурулган лабораторияны киргизүүнү өзүнө камтыйт. Жеке өнөк борбордоштурулган лаборатория менен биргеликте тез иликтөө жүргүзүү үчүн ар бир объектте тез лабораториялар (экспресс) тармагын тургузуусу жана колдоосу күтүлүүдө

БИШКЕКТЕГИ ДИАЛИЗ БОРБОРУ 

Демилгечи: Саламаттык сактоо министрлиги 
Долбоордун максаты: Долбоор Бишкек шаарынан жана Чүй обласынан келген өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарды тейлөө үчүн Бишкекте диализдик борборлорду уюштурууну болжолдоп жатат

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ КОМПЬЮТЕРДИК ТОМОГРАФИЯЛАРДЫ ОРНОШТУРУУ

Демилгечи: Саламаттык сактоо министрлиги  

Долбоордун максаты:  Кыргызстандын 10 медициналык мекемесинде  заманбап компьютердик томографияны орнотуу

АЙДООЧУЛАР ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК ТӨЛӨМДӨР СИСТЕМАСЫ

Демилгечи:  Транспорт жана байланыш министрлиги

Долбоордун максаты: Кыргызстандын аймагында айдоочулар үчүн  электрондук төлөм системасын киргизүү

КЫРГЫЗСТАНДЫН «БАТЫШ ЕВРОПА – БАТЫШ КЫТАЙ» ЭЛ АРАЛЫК ТРАНЗИТТИК КОРРИДОРУНА КИРҮҮСҮ

Демилгечи:  Транспорт жана байланыш министрлиги

Долбоордун максаты:  Кыргызстандын «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык транзиттик корридоруна   кошулуусу үчүн "Бишкек - ​​Мерке" жолун куруу 

ЧАКАН ГЭС КУРУУ

Демилгечи:  энергетика жана өнөр жай  министрлиги

Долбоордун максаты:  эки чакан ГЭС куруу:

- Орто-Токой ГЭСи (долбоордук күч  20 МВт)
- Төрт-Күл ГЭСи (долбоордук кубаттуулугу  3 МВт)

КООПСУЗ ШААР

Демилгечи: КРнын ички иштер министрлиги

Долбоордун максаты :

 - Ош, Бишкек-Каракол чоң жолдорунда  автоматташтырылган видеосистемаларды киргизүү,  сүрөт жана видео аныктоо жана Бишкектен таанып-билүү

-  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде  кылмыштуулуктун эсебинин жана  отчеттуулугунун бирдиктүү электрондук  борборун   киргизүү  

"АЛА-ТОО" ЛЫЖА КОМПЛЕКСИН КУРУУ

Демилгечи:  Туризм департаменти
Долбоордун максаты:  Бир нече тоолыжа курорттторунун негизинде Бишкекке жакын"Ала-Тоо" лыжа комплексин куруу  

Жол секторунун стратегиясы

Демилгечи: АӨБ/ Транспорт жана Байланыш Министрлиги

Долбоордун максаты: ТБМ азыр жол секторунун стратегиясын АӨБтын консультанттарынын жардамы менен түзүп жатат. 2015 жылдын 28 апрелинин биринчи долбоору 2,6 млрд АКШ доллары жакын 10 жыл арада жол секторун модернизациялоосуна зарыл экенин жыйынтыктады. Бирок, бюджеттик чегерүүлөр жана өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн милдеттенмелеринин негизинде, 1,4 млрд эле АКШ доллары жетимдүү. Бул 1,2 млрд АКШ доллары кемчилигин билдирет, башкача айтканда, жыл сайын 120 млн АКШ доллары. Мындай кемчиликти жойгон бир да стратегия аныктала элек.

Жол секторунун стратегиясы 3 МЖӨ долбоорун сунуш кылат

Кубакы айланма жолу: Жакында (2013 ж.) калыбына келтирилген 25 км объездной жолго акы алуу сунушу. Азыркы учурда, күндөгү жолдогу унаалардын саны 2500гө жетет. Бул долбоор МЖӨгө жагымдуусу, башкача айтканда жолдун колдонуучулары акы төлөгөнгө даярдыгы белгисиз.

Узген айланма жолу: жолдогу транспорттун санын 25000ге чейин азайтыш үчүн сунушталган Бишкек-Ош жолундагы айланма жолу. Алгачкы баалоолор боюнча, курулуш чыгымы 7-15 млн АКШ доллар түзөт.

Алматы - Ысык-Көл: Жолдогу убакытты азайтуу жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн сунушталган Алматы – Ысык-Көл айланма жолу. Курулуштун чыгымы 91-114 млн АКШ доллар болуп аныкталды.

Ошондой эле, дагы 2 долбоор ТБМ менен талкууланып, 2015 Жол Секторунун стратегиясына киргизилет.

Кемин айланма жолу: Бишкек  Ысык-Кол жолунда Кемин шаарынын айланасында айланма жолу. Бул долбоор борбор менен көлдү байланыштырган параллелдүү жолду бүтүрөт.

Түндүк-Түштүк коридору: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азыркы учурда түндүк-түштүк жолун Кытай жана АӨБтын финансалык жардамы менен куруп жатат. Коридордун туруктулугу үчүн курулуш бүтөрү менен милдеттүү түрдө акы төлөөнү киргизүү сунушталды.

Бишкек Спорт комплекси

Демилгечи: Дене Тарбия жана Спорт Мамлекеттик Агенттиги

Долбоордун максаты: ДТСМА Спорт Комплекстерди МЖӨ аркылуу модернизациялоосун карап жатат. Спорт Комплекстердин арасына бири бирине жакын жайгашкан Улуттук Стадион, Спорт Ордосу жана кичи стадион кирет. Бул проект дагы ылайык коммерциялык иштерди киргизүүнү сунуштайт.

Бала бакчаларды өнүктүрүү

Демилгечи: Шаарларды өнүктүрүү агенттиги

Долбоордун максаты: Шаарларды өнүктүрүү агенттиги МЖӨ үлгүсү боюнча бала бакчаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатат.

Нарын логистика борбору

Демилгечи: Мамлекеттик Бажы Кызматы

Долбоордун максаты: Нарын облусу жана Бажы кызматы экономикалык өнүктүрүү максаты менен Нарын облусундагы чек арага жакын жерлерде логистика борборлорун жайгаштыруу маселесин карап жатышат.

Коомдук үй куруу

Демилгечи: Шаардык Өнүктүрүү Агенттиги/ Экономика Министрлиги

Долбоордун максаты: Шаардык Өнүктүрүү Агенттиги МЖӨ аркылуу коомдук үй куруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Долбоор Экономика Министрлиги уюштурган коомдук үй куруу боюнча мамлекеттик программасынын аяктоосун күтүп жатат.